Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Швецияда 300 адамды ташып бараткан паромдо өрт чыкты


Швециядагы Stena Line компаниясынын паромдору. Иллюстрациялык сүрөт.
Швециядагы Stena Line компаниясынын паромдору. Иллюстрациялык сүрөт.

29-августта Швецияда 300 адамды ташып бараткан паромдо өрт чыкты. Бул тууралуу расмий бийлик кабарлап, өрттүн масштабы анча чоң эмес экенин билдирди.

SVT телеканалы билдиргендей, от тутанган кезде кеме Балтика деңизинде Готланд аралынан анча алыс жерде болгон. Aftonbladet гезити өрт паромдун палубасында автоунаанын дөңгөлөгү күйүп кеткенден улам чыгышы мүмкүн экенин жазды.

Stena Line паром иштетүүчү компаниясынын өкүлү ушул эле медиага билдиргендей, алар өрт чыкканы тууралуу кабардар болушкан. Өрт өчүрүлүп жатат. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Швециянын Деңиз администрациясынын маалыматына ылайык, өрт чектөөгө алынган. Түтүн чыгып жатканына карабай жалын чыкпаганын, өрт чакан эле экени маалымдалды.

Паром – адамдарды, жүктөрдү, автоунааларды дарыялардан, көлдөрдөн жана кысыктардан өткөрүүгө ылайыкташкан жалпак калаксыз кайык же сал формасындагы кеме. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG