Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:17

Жо Байден: Горбачёв жаркын келечек үчүн карьерасын тобокелге салган


Михаил Горбачёв.
Михаил Горбачёв.

СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёвдун каза болгонуна байланыштуу дүйнөнүн бир катар лидерлери билдирүү жасашты. Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден Горбачевду “сейрек кездешүүчү лидер” деп, жаркын келечек үчүн карьерасын тобокелчиликке салган адам катары баалады.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Михаил Горбачёв кансыз согушту тынчтык жол менен токтотууга эң чоң салым кошконун белгиледи.

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон “Путиндин Украинадагы агрессиясы учурунда Михаил Горбачёвдун совет коомунун ачыктыгына болгон далалаты баарыбыз үчүн үлгү бойдон калат” деп жазды.

Михаил Горбачёв CCCРди жетектеп турганда “кансыз согуш” токтоп, Ооганстандан советтик аскерлер чыгарылган. Коммунисттик партия жетектөөчү жана багыттоочу ролунан баш тарткан.

Ал 1989-жылы Чыгыш Европада демократиячыл кыймылдардын нааразылыгы кулач жайган кезде митингчилерге каршы күч колдонуудан карманган. СССРдеги ачыктык жана реформаларга багытталган айкындык жана кайра куруу саясатынын демилгечиси болгон. 1990-жылы ага Нобелдин тынчтык сыйлыгы ыйгарылган.

Орусияда СССРдин кыйрашы үчүн Горбачёвду күнөөлөгөндөр да бар. Мурдагы советтик лидер өз маектеринде бир катар каталарды кетиргенин моюнуна алып, СССРде реформаларды бир канча убакыт мурда башташ керек болчу деген пикирин айткан.

Михаил Горбачёв 30-августта 91 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG