Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:08

Прокуратура Рузиевдин акталышына каршы облустук сотко кайрылды


Камил Рузиев.
Камил Рузиев.

Укук коргоочу Камил Рузиев аны актаган Каракол шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарууга байланыштуу прокуратура облустук сотко кайрылганын билдирди.

"Буга чейин мага мыйзамсыз кылмыш ишин козгогон Ысык-Көл облусунун прокурорунун орун басары Кубанычбек Муратбеков облустук сотко мени актаган шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарууну сурап кайрылды. БУУнун, Акыйкатчы институтунун, Тең укуктуулук үчүн коалициясынын кылмыш ишин токтотуу, кыйноо фактысын натыйжалуу иликтөө чакырыгын эске алган жок",- деп жазды ал Фейсбуктагы баракчасына.

Рузиевдин дооматы тууралуу прокуратура органдары жана Кубанычбек Муратбеков азырынча комментарий бере элек.

Каракол шаардык соту 12-августта Камил Рузиевди актаган жана укук коргоочу анын ишинде кылмыштын курамы жок болгондуктан ушундай чечим чыгарылганын билдирген. Сотто мамлекеттик айыптоочулар аны күнөөлүү деп таап, беш жылга кесип, бирок мунапыс менен бошотуу өтүнүчүн келтиргенин маалымдаган. Ага карата кылмыш ишин токтотуу тууралуу жергиликтүү жана эл аралык уюмдар дагы кайрылуу таратышкан.

Рузиев Караколдогу "Вентус" укук коргоо уюмун жетектейт. Ал күч түзүмдөрүнүн кыйноосуна жана зомбулугуна кабылганы айтылган адамдарды коргоп, юридикалык жардам берип келгени менен белгилүү.

Укук коргоочу эки жыл мурун "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелеринин негизинде кармалып, эки күндөн кийин үй камагына чыккан. Кийин анын ишиндеги Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG