Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Жалал-Абадда 97 мектептин директору тандала элек


Жалал-Абаддагы мектептердин бири.
Жалал-Абаддагы мектептердин бири.

Жалал-Абад облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акылбек Токтосуновдун маалыматына караганда, мектеп директорлугу үчүн сынактын экинчи туруна талапкерлер документ тапшыра баштады.

“Өлкө башчынын жарлыгына ылайык беш жылдан ашык директорлук кызматты ээлеген мугалимдерди жумушунан бошотуп, жалпы облус боюнча 158 бош орунга сынак жарыялаганбыз. Андан 61 мугалим босого баллдан өтүп, кызматка дайындалды. Азыр 97 ваканттык орун бош турат, талапкерлер 25-августтан, 8-сентябрга чейинки аралыкта сынакка катышуу үчүн документтерди тапшырат. Азыр канча киши тапшырды, бизде маалымат жок, себеби документтерди түз билим берүү министрлигине жолдошот".

Токтосуновдун айтымында, директору дайындала элек мектептерди окуу бөлүмүнүн башчылары(завуч) башкарып турушат.

Жалал-Абад облусунда жалпы 469 мектеп бар.

Облуста мектеп директорлугу үчүн сынактын биринчи туру август айынын башында болгон, анда босого баллдан 61 гана мугалим өткөн. Сентябрь айында экинчи туру өтөт. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG