Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келерки жолугушуу Кыргызстанда өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялары Өзбекстанда жолукканын билдирди. Ага ылайык, тараптар тактала элек тилкелердин чийинин сызуу долбоорун карап, тактады. Келерки жолугушуу Кыргызстанда өтөт жана анын датасы азырынча айтыла элек.

Эки мамлекеттин ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан бери 13% жакыны такталганы 2021-жылдын февралында расмий айтылган. Андан бери эки тарап чек араны тактоо боюнча маал-маалы менен жолугушууларды өткөрүп келүүдө.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жакынкы айларда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келерин билдирген эле.

XS
SM
MD
LG