Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:06

Байден Орусияны терроризмдин демөөрчүсү деп таанууга каршы болду


Жо Байден.
Жо Байден.

Reuters агенттиги Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден Орусияны терроризмдин демөөрчүсү деп таанууга каршы чыкканын жазды. Бул тууралуу ал Ак үйдө өткөн басма сөз жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айткан.

Украина Вашингтондон Орусияны терроризмдин демөөрчүсү катары таанууну талап кылууда. АКШнын Сенаты бул демилгени июль айынын аягында колдоп, Конгресс буга чейин тиешелүү мыйзам долбоорун даярдаган.

Чечимди Сенат менен Конгресс өздөрү кабыл ала албайт. Бул Жо Байдендин администрациясынын компетенциясына кирет. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен журналисттерге Орусияга ансыз деле мурда болуп көрбөгөндөй катаал санкциялар киргизилгенин айтты.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги болсо АКШ Орусияны терроризмдин демөөрчүсү деп тапса, эки өлкөнүн мамилеси үзүлөрүн билдирген.

Украина жана Батыштын айрым өлкөлөрү Вашингтонду Орусиянын Украинага агрессиясы үчүн расмий түрдө терроризмди колдогон өлкөлөрдүн катарына кошууга чакырып келишет. Америка Кошмо Штаттарынын тизмесинде терроризмдин демөөрчүсү катары кирген төрт мамлекет бар. Алар: Куба, Иран, Сирия жана Түндүк Корея.

Буга чейин Латвиянын парламенти Орусияны терроризмдин демөөрчүсү катары тааныган. Сеймдин (ред: парламент) депутаттары Евробиримдиктин өлкөлөрүн Орусия менен Беларустун жарандарына туристтик жана уюмга мүчө мамлекеттерге кирүү үчүн виза берүүнү токтууга чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG