Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Армения чек арада окко учкан аскери үчүн Азербайжанды айыптады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

5-сентябрдын кечинде Армения менен Азербайжандын чек арасынын чыгыш бөлүгүндө Армениянын аскери, кенже сержант Арман Гагикович Саркисян атылган октон каза болгону кабарланды. Армениянын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы 20 жаштагы жоокердин өлүмү боюнча Гарнизондук тергөө бөлүмүндө материалдар даярдалып жатканын билдирди. Бул үчүн расмий Ереван Бакуну айыптады.

Азербайжандын Коргоо министрлиги бул маалыматты четке кагып, аны “калп” деп атады. Мекеме тескерисинче, акыркы күндөрү Армениянын куралдуу күчтөрү Азербайжандын армиясынын чек арадагы позицияларын аткылап жатат деп кине койду.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Шаарды алгандын эртеси Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ага ылайык, Армения менен Азербайжан макулдашууга кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жатат.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG