Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:56

Мугалимди мазактагандарды жоопко тартуу мыйзамы экинчи окуудан өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мугалимди мазактагандарды жоопко тартуу тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети экинчи окууда кабыл алды. Мыйзамдын долбоорун талкуулоо учурунда депутат Эмил Жамгырчиев айып пулду төлөтүү менен маселе чечилбей тургандыгын белгиледи. Эл өкүлү мугалимдин беделин, аброюн алардын айлыгын көтөрүп, шарт түзүп берүү менен көтөрүүнү сунуштады.

"Өспүрүмдөр менен иштей турган атайын кызматтар бар, тийиштүү органдар бар. Аларды жоюп салыш керек анда, ушул мыйзам менен жүрүшсүн айып пулду топтоп. Айып пулду айтып коюу оңой, бирок төлөгөнгө келгенде өзүнүн тартиби бар да. Аймакта жашагандар, ата-энеси миграцияда жүргөндөр бар. Алардын ордуна ким төлөйт. Балам туура эмес кылыптыр деп эле ар бир ата-эне 1000 сомду төлөй койбойт. Көбүнүн эле чөнтөгүндө 1000 сом жок. Алар сотко арыз менен кайрылышы мүмкүн. Сотто мыйзамдык жагы даяр эмес".

Аталган мыйзам долбоорун парламент 16-июнда жалпы жыйында биринчи окууда караган.

Депутаттар Аманкан Кенжебаев, Мирлан Самыйкожо жана Улан Бакасов демилгелеген долбоор коомдук талкууга февраль айында коюлган.

Анда мугалимге окуучу же ата-эне жаман сөз айтып, адепсиз мамиле жасап, кордоп тийишкен, мазактаган, атүгүл кол салган окуялар көбөйгөнү, мунун баары педагогика кызматкеринин коомдогу өзгөчө укуктук макамынын төмөндөп кеткенине алып келип жатканы белгиленген. Окуучулардын мындай мамилеси көбүнесе чоңдордун жүрүм-турумунун күзгүсү экени айтылган.

Эгер мыйзам колдоо таап, кабыл алынса, жаза катары 2 же 3 миң сом айыппул салынат. Мындай жорук кайталанса, чоңдорго 5 миң сом айыппул тагылат, же 3-5 күндүк административдик камак чарасы көрүлөт. Ал эми окуучуларга 4 миң сомдук айыппул салынат.

Айрым укук коргоочулар мындай демилгеге каршы болууда. “Балдардын укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекованын айтымында, бул мыйзам БУУнун Балдар конвенциясына жана Кыргызстандын Конституциясына карама-каршы келет.

Соңку кездери интернетте мектепте мугалим менен окуучулар айтышып, бири-бирине кол көтөргөн видеолор көп тарай баштады. Айрымдары боюнча териштирүү жүрүп, мугалимдер иштен кеткен учурлар бар. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG