Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:01

Лиз Трасс Британиянын премьер-министри болуп дайындалды


Британ ханышасы Елизавета II жана Лиз Трасс. 6-сентябрь, 2022-жыл.
Британ ханышасы Елизавета II жана Лиз Трасс. 6-сентябрь, 2022-жыл.

Мурдагы тышкы иштер министри Лиз Трасс Улуу Британиянын премьер-министри болду. Аны бул кызматка 6-сентябрда Британ ханышасы Елизавета II дайындап, Лиз Трасска министрлер кабинетин түзүү тапшырмасын берди.

Жолугушуу Шотландиядагы падышалык жайкы резиденциядагы Балморал сарайында өттү. Бир аз мурун ушул эле жерде Елизавета II Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Борис Жонсондун отставкасын кабыл алган. Адатта премьер-министрлер Букингем же Виндзор сарайында дайындалат. Бирок бул жолу дарыгерлер 96 жаштагы Британ ханышасына Шотландиядан кетпөөнү сунушташкан.

Шейшемби күнү кечке жуук Трасс өкмөт башчынын Лондондогу Даунинг-стриттеги резиденциясында биринчи жолу премьер-министр катары билдирүү жасап, алгачкы дайындоолорду кылат деп күтүлүүдө.

Борис Жонсон 2019-жылы премьер-министр Тереза Мэй отставкага кеткенден кийин Консервативдик партияны, аны менен бирге британ өкмөтүн жетектеп калган. Ал 6-сентябрда отставкага кеткен. Борис Жонсон саясий жаңжалдардын фонунда кызматтан кетерин июлда эле жарыялаган.

Лиз Трасс Британ ханышасы Елизавета II дайындаган 15-премьер-министр болуп калды. Ал Улуу Британиянын тарыхында өкмөттү башкарган үчүнчү аял. Ал Британияны каптаган энергетикалык кризис менен күрөшүү үчүн кескин чараларды кабыл аларын убада кылган. Лиз Трасс тышкы иштер министри болуп турганда эле Украинаны катуу колдоп келген.

XS
SM
MD
LG