Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:41

Бердянсктын Орусия дайындаган комендантына кол салуу болду


Артём Бардиндин жарылган автоунаасы.
Артём Бардиндин жарылган автоунаасы.

Украинанын Запорожье облусундагы Бердянск шаарынын Орусия дайындаган аскердик коменданты Артём Бардин кол салуудан кийин жаракат алып ооруканага жаткырылды. “Азаттыктын” орус кызматы Орусиянын администрациясына шилтеме берип жазгандай, анын автоунаасы 6-сентябрда жарылган.

Бердянск шаарын Орусиянын армиясы 24-февралда Украинага согуш ачкандан көп өтпөй оккупациялап алган.

Орусиянын РИА Новости маалымат агенттиги билдиргендей, жардыруу шаардын борборундагы административдик имараттын жанында болгон. Андан соң аймакта атышуулардын үнү угулган. Жардыруудан дагы үч машина жабыркаганы айтылууда. Киев окуя боюнча комментарий бере элек.

Жаздан бери Украинанын Орусия басып алган аймактарында Москва дайындаган чиновниктерге бир нече жолу кол салуу аракети болгон. Алардын айрымдары каза тапты. Украина кол салуулар үчүн түздөн-түз жоопкерчиликти албайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG