Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

Депутаттар элчи менен министрди кызматтан алуу боюнча президентке кайрылды


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жана Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жана Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин аткарган ишин карап, кызматтан бошотуу сунушу президентке жолдонду.

Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин "Альянс" фракциясы жана "Элдик" депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында айтылды. "Элдик" депутаттык тобунун төрагасы Акылбек Түмөнбаев соңку кезде аты аталган жетекчилердин дарегине сын пикирлер арбын болуп жатканын белгиледи.

"Ушул эки адамдын жумуш ордун, кызматтык ишин карап чыгууңузду өтүнөбүз. Орусиядагы өкүлүңүз кандай иштеп жатканы тууралуу эл сизге кире албаса да социалдык тармактардан кайрылып жатат. Ошондуктан өз чечимиңизди, эркиңизди көрсөтүп, бөлөк өлкөдө жүргөн биздин бир туугандардын, алар менен иштешип, укугун коргоочу адамды дайындайсыз деген ойдомун. Кудайберген Базарабев боюнча өзүңүз карап, аны дагы жумуш ордунан четтетүүнү суранам", - деди Түмөнбаев.

Ал бул сунуш кат түрүндө президентке берилерин кошумчалады.

Аты аталган жетекчилер депутаттардын сунуштары боюнча комментарий бере элек.

9-сентябрда Жогорку Кеңештеги бир мандаттуу округдардан шайланган "Элдик" депутаттар тобу жана "Альянс" парламенттик фракциясы миграция маселесин талкуулады. Жыйында депутаттар Министрлер кабинетинин тийиштүү жетекчилери мигранттар маселесине кайдыгер карайт деп сынга алышты.

Мындай нааразылыкка акыркы жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин катышпаганы себеп болду.

Расмий маалымат боюнча, Орусияда Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны эмгек мигранты болуп жүрөт. Бул өлкөдө 3-сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин жана жашаган жери боюнча миграциялык каттоосун талап кылган эреже күчүнө кирди. Мындан улам паспортуна “кирди-чыкты” белгисин койдуруу үчүн мигранттар Казакстан менен Орусиянын чек арасына агылууда.

Парламентте 1-сентябрда кыргыз мигранттарынын абалын жеңилдетүү үчүн Мамлекеттик Думага кайрылуу демилгеси көтөрүлгөн. Буга чейин Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG