Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Акылбек Жапаров Nuctech Company Limited менен кызматташууну талкуулады


Акылбек Жапаров Кытайдын Nuctech Company Limited компаниясынын өкүлдөрү менен. 9-сентябрь, 2022-жыл.
Акылбек Жапаров Кытайдын Nuctech Company Limited компаниясынын өкүлдөрү менен. 9-сентябрь, 2022-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Nuctech Company Limited компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаров кытайлык инвесторлор менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, пандемияга карабастан соода жүгүртүү жана өлкө экономикасына инвестиция тартууда Кытай алдыңкы орундарды ээлеп келе жатканын кошумчалады.

Nuctech Company Limited компаниясынын өкүлдөрү ишкананын жумушу жана экономиканын ар кыл тармактарында алдыңкы технологияларды колдонуунун артыкчылыктары тууралуу айтып берген. Тараптар келечектеги кызматташуу маселелерин талкуулады деп кабарлады расмий булактар.

Өкмөт тараткан маалыматка караганда, Nuctech Company Limited компаниясы 1997-жылы Цинхуа техникалык университетинин базасында түзүлгөн жана дүйнөнүн 170 өлкөсүндө иш алып барат. Ишкана компьютердик томография, рентген нурлары, жардыргыч заттардын жана дары-дармек каражаттарынын аз өлчөмдөгү көлөмүн (издерин) анализдөө жана аныктоо, ошондой эле радиоактивдүү заттарды мониторингдөө жана идентификациялоо жаатындагы негизги технологияларга көз карандысыз интеллектуалдык менчик укугуна ээ. Компаниянын өндүрүштүк базалары Кытайда, Европада жана Түштүк Америкада жайгашкан.

Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 2017-жылы 1 млрд. 597 млн. долларды түзсө, 2018-жылы 2 млрд. долларга чейин жеткен. 2019-жылы 1 млрд. 816 млн. долларды түзгөн. Ал эми пандемия башталып, бир нече ай соода таптакыр токтогон 2020-жылы эки өлкө ортосунда 700 миллион долларга жакын гана товар алмашуу болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG