Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Түндүк Корея өзүн өзөктүк курал колдонгон мамлекет деп жарыялады


Ким Чен Ын, Пхеньян. Архив сүрөт.
Ким Чен Ын, Пхеньян. Архив сүрөт.

Түндүк Кореянын Жогорку элдик чогулушу тышкы кол салуудан коргонуу үчүн алдын ала эле өзөктүк куралды колдонууга уруксат берген мыйзамды кабыл алды. Документте өзөктүк куралды колдонуу акыркы чара катары көрсөтүлгөн. Бул тууралуу France-Presse агенттиги Ирандын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына шилтеме берип жазды.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын парламенттин сессиясында сүйлөп жатып, эми өлкөнүн өзөктүк статусу жана андан баш тартуу тууралуу талкуулардын мааниси жок экенин айтты.

2021-жылы Түндүк Корея өзөктүк программа үчүн 640 миллион доллардан ашык каражат жумшаган. Жыл башынан бери 17 ракета учуруп, акыркысы май айында болгон.

Август айында Түштүк Корея Пхеньянга өзөктүк куралдан арылуу планын сунуштаган. Эгерде ал ишке ашса, Түндүк Кореяга экономикалык жана техникалык жардам берүүнү убада кылган. Бирок Түндүк Корея бул сунушту четке каккан.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) да Пхеньянды өзөктүк куралды сыноодон баш тартууга чакырган.

2018-жылы Түндүк Корея менен АКШ сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгында Пхеньян колдо болгон куралдарды сактап каларын, бирок өзөктүк сыноолорду токтоторун жарыялаган. Бирок андан кийинки сүйлөшүүлөр, анын ичинде Ким Чен Ын менен АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамптын жолугушуусу жыйынтык бербей, Түндүк Корея өзөктүк куралды сыноону кайра баштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG