Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:17

Молдованын улуттук авиакомпаниясы Москвага каттамдарын кайра жандантат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Air Moldova" авиакомпаниясы Москвага каттамдарын 1-октябрдан тарта кайра жанданта турганын жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыктын” молдова кызматы билдирди. Аталган компания аба каттамдарын Орусия быйыл 24-февралда Украинага согуш ачкандан кийин токтоткон.

“Air Moldova” бул чечимин “Молдованын Орусияда жүргөн жана мекенине кайтууну каалаган жарандарынын кайрылууларына” байланыштуу кабыл алганы менен түшүндүрдү. Ошондой эле Орусия менен түз аба каттамдары токтотулгандан бери жүргүнчүлөр билеттерди кымбат сатып алып, кан жолдор менен жүрүүдө көп убактысын коротуп жатканын кошумчалады.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Европа мамлекеттери Орусиянын авиакомпанияларына аба мейкиндигин жаап, Евробиримдик менен АКШ баштаган мамлекеттер бир катар санкцияларды салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG