Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Түркия Түркмөнстан жарандарын депортация кылды


Стамбулдагы түркмөн мигранттары. Архивдик сүрөт.
Стамбулдагы түркмөн мигранттары. Архивдик сүрөт.

Түркмөнстан дагы 300 жаранын Түркиядан алып келди. “Азаттыктын” түркмөн кызматы чартердик каттамдагы 100гө жакын жүргүнчү Түркиядан депортацияланган түркмөн жарандары экенин жазды.

“Озоди” радиосунун жеке булагы, Түркиядан кайтарылган түркмөн жарандары акыркы үч айдан бери өлкөнүн Миграция кызматынын Стамбул департаментинин депортациялоо борборунда кармалып турганын айтты. Алар Түркмөнстандын бийлигинин өтүнүчү менен же Түркиянын миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн депортация болгону белгисиз.

Түркиянын Миграция кызматынын маалыматы боюнча, 1-сентябрга карата бул өлкөдө Түркмөнстандын 230 миңдей жараны жашап жатат. Бирок мыйзамсыз жүргөндөрдү кошуп эсептегенде алда канча көп экени айтылып жүрөт.

Жакында эле Түркмөнстандын бийлиги Түркиядан түркмөн жарандары үчүн виза режимин киргизүүнү суранган. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги муну “Түркмөнстандын жарандарынын Түркияда жүрүү эрежелерин жакшыртуу” аракети менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG