Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:51

Next TVнын директорунун иши боюнча сот башка күнгө которулду


Таалайбек Дүйшөмбиев.
Таалайбек Дүйшөмбиев.

Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн 9-сентябрга белгиленген отурум болгон жок. Ишти карап жаткан судья кийинки отурумду 21-сентябрга белгиледи.

Бүгүнкү териштирүүдө Дүйшөмбиевге сөз берилип, өкүм чыгары күтүлүп жаткан.

5-сентябрдагы соттук жараянда мамлекеттик айыптоочу аны жети жылга эркинен ажыратууну сураган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл 3-мартта Next TV телеканалына каршы "Улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган, телеканалдын эфири үзгүлтүккө учураган. Тергөөнүн пикиринде, телеканал Кыргызстан Орусияга Украина боюнча жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалымат жарыялаган.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымат таратууда этияттыкты сактоо жана стандарттарды кармануу керектигин билдирген.

Соттун алгачкы отуруму 21-июлда өткөн. Анда Дүйшөмбиев коюлуп жаткан айыпты моюнуна албай турганын айткан.

Next TVга ээлик кылган оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбеков 21-июлда чет элдик элчиликтерге жана эл аралык гуманитардык уюмдарга кайрылуу жолдоп, Кыргызстанда сөз эркиндигине болуп көрбөгөндөй басым жасалып жатканын, буга Дүйшөмбиевдин абакта отурганы мисал экенин айткан .

Дүйшөмбиев УКМКнын тергөө абагында кармалууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG