Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:06

Азербайжанда көз карандысыз журналист камакка алынды


Аваз Зейналлы (ортодо). Архив сүрөт.
Аваз Зейналлы (ортодо). Архив сүрөт.

11-сентябрда Азербайжанда көз карандысыз “Хурал” телеканалынын башкы редактору Аваз Зейналлы менен белгилүү укук коргоочу Элчин Садыгов төрт айга камакка алынды. Бул тууралуу “Азаттыктын” азери кызматы жазды.

Маалыматка караганда, алар ишкер Расим Мамедовдон пара алган деп шек саналууда. Укук коргоочулар журналист менен адвокаттын камакка алынышын саясий куугунтук катары баалап жатышат.

“Башкы редактор бизнесменге сын айтылган макаланы чыгарбоо үчүн акча талап кылган. Аларга ишкердин жактоочусу Элчин Садыгов ортомчу болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Зейналлы менен Садыгов тагылган айыпты моюнга алган эмес. Экөө тең соттун чечимине макул эместигин билдиришип, аппеляциялык арыз менен кайрыла турганын билдиришкен.

Расим Мамедов – Baku Steel Company ишканасынын башчысы. Ал 2021-жылдын февралында 32 миллион долларды уурдаган деген шек менен кармалган. Мамедовдун жактоочусу бул айыптоолорду четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG