Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Бишкек: Баткенге гуманитардык жардам чогултуу башталды


Баткендеги чек арадагы айылдардын бири. 15-сентябрь, 2022-жыл.
Баткендеги чек арадагы айылдардын бири. 15-сентябрь, 2022-жыл.

Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт сарайдын алдында Баткен облусу үчүн гуманитардык жардамдарды чогулткан бирдиктүү борборлоштурулган пункт ачылды. Бул тууралуу кыргыз өкмөтү уюштурган медиа штаб телеграм-канал аркылуу жарыялады.

Анда чек арадагы жаңжалда жабыркап, коопсуз жайга эвакуацияланган жергиликтүү тургундарга азык-түлүк, тамак-аш, гигиеналык каражаттар, балдарга зарыл болгон буюм-тайымдар керек экени белгиленген.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган.

Учурда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өтүп жатат. УКМКга караштуу Чек ара кызматы мындан улам ок атышуу соолгундай түшкөнүн, ок атышууну токтотуу, кырдаалды жөнгө салууга байланыштуу бардык чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, соңку жаңжалда бери дегенде 18 адам жараат алды.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Анда атайын билдирүү таратып, "тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды", - деп айыптаган. Анда "Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде атышуу уланып жатканын" белгилеген.

Тажикстандагы "Ховар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын, ок атышууну токтотпой жатканын жазды.

Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып жазды. Бирок тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG