Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

Украина Харьковдо 421 конуш орус аскерлеринен бошотулганын кабарлады


Украинанын аскерлери Орусиянын армиясынан бошотулган Изюм шаарына жакын жерде. Харьков облусу, 14-сентябрь, 2022-жыл
Украинанын аскерлери Орусиянын армиясынан бошотулган Изюм шаарына жакын жерде. Харьков облусу, 14-сентябрь, 2022-жыл

Украинанын Куралдуу күчтөрү Харьков облусунда 421 калктуу конушту Орусиянын аскерлеринен бошотту. Бул тууралуу 16-сентябрда Украинанын президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары Кирилл Тимошенко билдиргенин “Азаттыктын” украин кызматы жазды. Маалыматка караганда, бир жуманын ичинде 24 гектардан ашык аймак миналардан тазаланып, миңге жакын жарылуучу зат зыянсыздандырылды.

Украинанын армиясы августтун аягында орус армиясына каршы контрчабуул баштаган. Масштабдуу жүрүш алгач түштүктөгү Херсон, Запорожье жана Николаев облустарында башталып, кийин чыгыштагы Харьков, Луганск жана Донецк облустарында күчөгөн.

Алар орус күчтөрүн Харьков облусунан дээрлик сүрүп чыкты. Бул шаарда Балаклея, Изюм сыяктуу чоң шаарлар жана ондогон айыл-кыштактар бошотулду. Мындагы баскынчыл топтордун көбү качып чыкса, дагы бир бөлүгү туткунга түштү.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага каршы согуш ачкан. Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны “демилитаризациялоо” жана “денацификациялоо”, ошондой эле өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” ("ДНР"), “Луганск Элдик Республикасы” ("ЛНР") деп атап алган жикчил түзүмдөрдүн тургундарын “геноцидден” бошотуу зарыл экенин жарыялаган. Бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

XS
SM
MD
LG