Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:29

МАГАТЭ: Запорожье АЭСи кайрадан украин электр тармактарына туташтырылды


Запорожье атомдук электр станциясы (АЭС).
Запорожье атомдук электр станциясы (АЭС).

Орусиянын аскерлери ээлеп турган Запорожье атомдук электр станциясындагы (АЭС) төрт электр линияларынын бирин инженерлер оңдоп чыккандан кийин ал Украинанын электр тармактарына кайрадан туташтырылды. Бул тууралуу Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) кабарлады.

Учурда станциянын өзүндөгү электр энергиясын өндүрүүчү реакторлордун алтоо тең токтоп турат, бирок аларды муздак абалда кармап туруу үчүн ток керек болот. Станция 5-сентябрдан бери өзүн да электр менен камсыздай албай калган. Андан сырткары үй чарбаларга, заводдорго жана башка керектөөчүлөргө ток бербей калган.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) миссиясы буга чейин Запорожье АЭСине барып келишти. 6-сентябрда МАГАТЭ өзүнүн отчетун жарыялап, дүйнө коомчулугун Запорожье атомдук электр станциясынын (АЭС) айланасында тез арада коргоо зонасын түзүүгө жана АЭСтин аймагын аткылоону токтотууга көмөктөшүүгө чакырган.

МАГАТЭ өзөктүк апааттын алдын алуу үчүн станциянын аймагында атайын коопсуздук зонасын түзүү боюнча консультацияларды дароо баштоого даяр экенин билдирген.

Запорожье АЭСи орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй, март айында Орусиянын карамагына өткөн. Аны украин кызматкерлери иштетип жатат. Европадагы эң ири атомдук электр станциясынын аймагы акыркы айларда бир нече жолу аткыланып, кооптуу жагдайлар жаралган. Бул үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптап келет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG