Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:39

Көк-Таш—Ак-Сай—Тамдык жолундагы көпүрө жардырылганы кабарланды


Ок атуудан талкаланган имарат. 16-сентябрь, 2022-жыл.
Ок атуудан талкаланган имарат. 16-сентябрь, 2022-жыл.

Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык жолунун Баткен районундагы Дача — Чайхана тилкесинде узундугу 36 метрлик көпүрө 16-сентябрда жардырылганын Кыргызстандын Транспорт жана байланыш министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, көпүрөнү Тажикстандын аскерлери жардырган. Мекеменин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов "Азаттыкка" кабарлагандай, көпүрө Ак-Суу дарыясына курулган. Министрликке таандык жол куруучу оор техника да аткыланып, талкаланган. Кызыл-Бел — Достук жолунда эки унаа, Эски-Оочу — Максат жолунда экскаватор менен бульдозер талкаланган.

Досумбетов Транспорт жана байланыш министрлигинин Баткен, Лейлек райондорундагы башкармалыктары ок атышуу болуп жаткан аймактан элди коопсуз жакка чыгарууга, жолдорду тазалоого көмөктөшкөнүн кошумчалады.

Тажик тараптан көпүрөгө байланыштуу маалымат боло элек.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрдын таңында башталган соңку куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 36 адам мерт болду. 129 адам түрдүү жаракат алды, арасында жаш балдар бар. 140 миңден ашуун киши коопсуз жакка жер которду.

Тажик бийлиги кагылыштан мерт болгондор жана жараат алгандар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Озоди" радиосу өз булактарына шилтеме кылып, 14-16-сентябрь күндөрү чек арада болгон кагылышууларда тажик тарапта 39 киши мерт болгонун, алардын арасында жайкын тургундар бар экенин жазды. Тажик бийлиги муну ырастап же четке кага элек.

Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого мүмкүн боло элек. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG