Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:03

Кыргызстанда 19-сентябрь - Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды


Ала-Тоо аянттындагы мамлекеттик туу. Архив сүрөт.
Ала-Тоо аянттындагы мамлекеттик туу. Архив сүрөт.

Президент Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 19-сентябрь өлкөдө Улуттук аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу президенттин расмий сайты жазды.

Улуттук аза күтүү күнүндө өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу түшүрүлөт. Маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталат.

Кыргызстандын расмий билдирүүсүнө караганда, "16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан мерт болгондордун саны 36 адамга жетти, алардын бири 15 жаштагы окуучу кыз". 134 адам жаракат алды, арасында жаш балдар бар. Алардын саны такталууда.

Расмий Дүйшөмбү кагылыштан мерт болгондор жана жараат алгандар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Озоди" радиосу өз булактарына шилтеме кылып, 14-16-сентябрь күндөрү чек арада болгон кагылышууларда тажик тарапта 39 киши мерт болгонун, алардын арасында жайкын тургундар бар экенин жазды. Тажик бийлиги муну ырастап же четке кага элек.

Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого да мүмкүн боло элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG