21-сентябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;
Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;
Бийик тоолордо түнкүсүн -4…+1, күндүз 7…12 градуска чейин жогору болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жок. Күндүз ала булут каптап турат, күндүз жаан жаай турган ыктымалдуулугу аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 28…30° чейин жогорулайт.