Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:41

Чек арада курман болгон Рамазан Бактияр уулунун сөөгү жерге берилди


Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон Рамазан Бактияр уулу.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон Рамазан Бактияр уулу.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон Рамазан Бактияр уулунун сөөгү бүгүн, 20-сентябрда Талас облусунун Манас районундагы өзү туулган Үч-Коргон айылында жерге берилди.

"Үйгө келип кеткенине бир дем алыш болгон. Апасы "дагы 1-2 күн жүрүп кетпейсиңби, эс алууң бүтө элек го" деп айтса, "ант берип койгом, антымды аткарышым керек" деп кеткен. 14-сентябрда Баткенде согуш башталыптыр деп угуп калдык. Анын айынан сүйлөшө алган жокпуз. Андан кийин эле суук кабар келди", - деди Рамазан Бактияр уулунун атасы Бактияр Акимов.

22 жаштагы Рамазан Бактияр уулу орто мектепти аяктагандан кийин 2019-жылы Нарындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөп, 2020-жылдан баштап Баткендеги "Достук" чек ара тозотунда келишимдик негизде кызматын улантып жаткан. Төрт бир туугандын улуусу эле.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери экени айтылды, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 57 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Курмандыктар жана жаракат алгандар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG