Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:23

Чек ара чатагы: Баткен жана Согд облустарынын жетекчилери жолугушууда


Ушул тапта кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга байланыштуу Баткен (Кыргызстан) жана Согд (Тажикстан) облустарынын башчылары Абдикарим Алимбаев жана Ражоббой Ахмадзоданын жолугушуусу өтүп жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, ага күч структураларынын жетекчилери дагы катышууда.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы Баткенде абал тынч экенин, ок атышуу катталбаганын кабарлап, элди такталбаган маалыматка ишенип, дүрбөлөң салбоого чакырган.

Мунун алдында УКМКнын Чек ара кызматы Лейлек районунун Максат айылында жарандардын унааларына жана Баткен районунун Достук айылында ок атылды деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген.

Маалыматта "саат 18:20дан 18:50гө чейин Кыргызстандын Баткен районундагы Достук айылынын тушунда, Тажикстандын аймагында эки жолу ок атылганы" айтылат.

Аталган мекеме 21-сентябрь, саат 19.00гө карата мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдаган.

Быйыл 14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. "Озоди" өз булактарына таянып чек арада каза болгон 63 адамдын тизмесин чыгарды.

20-cентябрда Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөгөндө да кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга токтолуп, тажик тарап Кыргызстандын аймагындагы чек ара жана жарандык объектилерге, калктуу конуштарга "чыккынчылык менен кол салганын" айткан.

Жапаров коңшу мамлекетке ишеним солгундап кеткенине карабай, БУУ баштаган эл аралык уюмдардын ортомчулугу менен сүйлөшүүлөргө Кыргызстан даяр экенин билдирген.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды да ушундай өңүттө айыптаган билдирүү тараткан.

19-сентябрда Нью-Йоркто Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин да БУУнун баш катчысы менен жолуккан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG