Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Журналист Болот Темиров боюнча сот өкүмү чыкты


Болот Темировдун соту. 2022-жылдын 28-сентябры.
Болот Темировдун соту. 2022-жылдын 28-сентябры.

Бүгүн, 28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту жыйынтыкталды. Судья Акылбек Адимов Темировго маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актады. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ал боюнча да актоо чечимин чыгарды. Судья Темировго тергөөчүлөр койгон айыптарга далил көрө албаганын белгиледи. Ал эми документ жасалмалоо деген берене боюнча айыптуу деп таап, бирок жаза чарасы чегерилбей турганын билдирди.

22-сентябрдагы соңку отурумда мамлекеттик айыптоо сотко Темировду беш жылга жалпы тартиптеги колонияга камоону сунуш кылган. Прокурор Мээрим Алиева Темировду өлкөдөн чыгаруу тууралуу маселе көтөргөн.

Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.

Анын алдында Болот Темировдун “Ютубдагы” Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Ташиевдин аты аталган.

Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Темировго жана Назаровго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон.

Журналистке “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” деген эки берене да кошулган.

Тергөөнүн материалдарында Темировдун аскердик билети Орусиянын жаранына таандык экени жазылган.

УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тосуу болуп жатканы тууралуу айыптарды четке каккан.

Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөрүн билдирген.

Төкмө акын Болот Назаров "Ютуб" каналына жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG