Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

Баткенде жетекчилер чек арага байланыштуу протокол боюнча элге түшүндүрмө беришти


Баткен облустук музыкалык драма театрынын алдына чогулуп жаткандар. 2022-жылдын 28-сентябры.
Баткен облустук музыкалык драма театрынын алдына чогулуп жаткандар. 2022-жылдын 28-сентябры.

Баткенде кыргыз-тажик чек ара маселесине байланыштуу жергиликтүү тургундар менен президенттин облустагы өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жолугушту. Бул жыйынга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да келери кабарланып, бирок катышкан жок.

Эки жетекчи кыргыз-тажик чек арасында байланыштуу соңку протокол боюнча жарандарга түшүндүрмө беришти.

Алимбаевдин айтымында, жыйында коопсуздук, айланма жолдор, билим берүү өңдүү маселелер да талкууланды.

Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын залындагы жолугушуу беш саатка созулганын "Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдады. Жыйынга катышып чыккан жарандардын айрымдары түшүндүрмө элди канааттандырганын белгилешти.

Жергиликтүү жүздөн ашуун тургун театрдын алдына 28-сентябрда эртең мененки саат 10до чогулушкан.

27-сентябрда да Баткен облустук администрациясынын алдында эл топтолуп, кыргыз-тажик чек арасы боюнча кабыл алынган соңку чечимдер жөнүндө маалымат берүүнү талап кылышкан.

Акцияга Ак-Сай, Самаркандек жана чек ара тилкесинде жайгашкан башка да айылдардын тургундары катышып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин тажик тарап менен кол коюлган протокол тууралуу маалымат беришин талап кылышкан.

25-сентябрда Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун жолугушуусунун жыйынтыгында протокол кабыл алынган. Анын негизинде эки тараптан төрттөн бекет алынмай болгону кабарланган.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги да ушундай эле мазмунда Бишкекти айыптаган билдирүү жарыялаган. Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (JsA)

XS
SM
MD
LG