Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Шал оорусунан жабыркаган кыздын зордукталышы боюнча сот жүрүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунун Түп районунда шал оорусунан жабыркаган өспүрүм кыздын зордукталышына байланыштуу соттук териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу 29-сентябрда “Азаттык” радиосуна сотко кыздын мыйзамдуу өкүлү катары катышып жаткан жергиликтүү укук коргоочу Камил Рузиев билдирди.

Анын айтымында, алгачкы отурум өткөн аптада өттү. Азыр райондук сот айыпталуучу тараптын ДНК боюнча облустук сотко жөнөткөн арызына жооп күтүп жатат:

“Зордуктоого шектүү кишини үч адвокат коргоп жатат. Алар ДНК экспертизага нааразы болуп облустук сотко кайрылган. Райондук соттогу териштирүүгө прокурор өзү катышууда”.

25-сентябрда Рузиев кыздын эжесине Түп милициясынын кызматкерлери басым жасап, анын укуктук жардам алышына тоскоолдук жаратып жатканын, буга зордуктоого шектүү адамдын уулу күч түзүмдөрүнүн кызматкери экени себеп болушу ыктымалдыгын “Клооп” басылмасына билдирген.

Бул үчүн укук коргоочу 28-сентябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына сүйлөшүү үчүн чакырылган.

Облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов Рузиев ал сүйлөшүүгө барбаганын, дагы чакыртыларын 29-сентябрда “Азаттыкка” айтты:

“Келбей коюптур. Азыр кыздын эжеси келип, тергөөчүлөр аны сурап жатышат милиция тараптан кысым болгон-болбогонун. Рузиев келип өз көрсөтмөсүн бериш керек эле мыйзам чегинде. Чын эле ошондой фактылар болсо айтышы керек. Тастыкталса териштирүү жүргүзөбүз”.

Рузиев барбаганын ырастап, милиция аны эмес, басымга кабылып жаткандарды сураганы туура болот деген пикирин билдирди.

Кыз зордуктоого кабылганы, кош бойлуу экени быйыл апрель айында белгилүү болгон. Кийин гинеколог дарыгерлер ага түйүлдүктү алдыруу операциясын жасашкан. ДНК-экспертиза кылмышка 70 жаштагы кошуна кишинин тиешеси бар экенин тастыктаган. Экспертизанын жыйынтыгынан кийин ал бир айга камакка алынган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG