Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Сурабалдиева сексуалдык ыдык көргөн кыздардын ишин тергөөнү сындады


Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Чүйдө атасынан сексуалдык ыдык көргөн жашы жете элек кыздардын ишинин тергелишин сынга алды. Ал кыздардын апасы 2017-жылдан бери арызданып жүргөнүн, мындан улам депутатка, президентке да кайрылганын айтты.

"Ошол кыздардын апасы 2017-жылдан бери акыйкат издеп жатат. Мага жана президентке жолдогон катында кыздары атасынан сексуалдык ыдык көргөнү ачык эле жазылып турат. Башкы прокурор Курманкул Зулушев жакында Жайыл районуна барганда ал айым ага кайрылыптыр. Кайрылса, анын арызын кайра эле мурдагы тергөөчүлөргө берип коюптур. Кыздар 7-8 жолу психиатриялык экспертизадан өткөрүп, ишти таштап коюшуптур. Кыздарды бир нече жолу суракка алышкан, тергөөчү бир канча жолу экспертизага жөнөткөн. Президент чыгып алып "биз аялдарды колдойбуз, педофилияга жол бербейбиз, кам көрөбүз деп айтат. Бул ишти көзөмөлгө алыңыздар", - деди Сурабалдиева.

Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги комментарий бере элек.

Кыргызстанда соңку күндөрү балдар, өспүрүм кыздар зордукталган бир катар үрөй учурган, адам өлүмү менен аяктаган окуялар орун алды.

Өткөн айда Кыргызстанда балдарга карата зомбулуктун жазасын күчөткөн мыйзам күчүнө киргег. Ага ылайык, эми мындай кылмыш жасагандар өмүр бою эркинен ажыратылып, салынган айыптын өлчөмү көбөйтүлөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG