Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Улуу Британиянын элчилиги Темировго байланыштуу билдирүү таратты


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги иликтөөчү Болот Темировдун соттон акталышына байланыштуу билдирүү таратты.

Элчилик Темировго козголгон ишке кылдаттык менен байкоо салганын маалымдады. 29-сентябрда таратылган билдирүүдө көз карандысыз журналистика Кыргызстан дайыма бекемдөөгө умтулуп келген демократиянын негизги бөлүгү экени айтылып, журналисттерге коюлган айыптар конкреттүү далилдерге негизделиши керектиги кошумчаланган.

Мунун алдында Европа Биримдиги жана АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Темировго коюлган айыптоолордон актаган соттун чечимин кубатташкан.

Бир катар резонанстуу иликтөөлөрү менен таанылган Темировду 28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук соту иликтөөчү журналист Болот Темировду маңзат жана паспорт иши боюнча актаган.

Ал эми "документ жасалмалоо" деген берене боюнча айыптуу деп таап, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чарасы чегерилген жок.

Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон. Журналист муну ишмердигине бут тосуу катары сыпаттаган.

Бийлик органдары журналистке бут тосуу болуп жатканы тууралуу айыптарды четке каккан.

Төкмө акын Болот Назаров Ютубга жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап келет. Анын ишин кароо уланып жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG