Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Медер Алиев сөз эркиндиги, камактагы активисттер маселесин көтөрдү


Медер Алиев.
Медер Алиев.

Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин төрагасы, депутат Медер Алиев иликтөөчү журналист Болот Темровдун акталганын кубаттады. Мындан улам ал өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына, камактагы журналисттер, блогерлерге маселесине токтолду.

"Сөз эркиндиги болбогон коом тыңдап өнүгө албайт. Мен кечээ Болот Темировго чыгарылган сот чечимин абдан жылуу кабыл алдым. Сот чечими адилет, орундуу болду, бийлик органдары, айрыкча күч түзүмдөрү жазалоо, айыптоо ыкмаларынан кетиши керек. Адилет Балтабай, Ырыс Жекшеналиев, Таалай Дүйшөмбиев жана башкалар эч качан коррупционер болгон эмес. Ооба, алар балким кайсы бир ойлонуштурулбаган эмоционалдык нерселерди жасашкандыр. Бирок бул жагдай аларды дароо түрмөгө отургузууга негиз болбойт деп эсептейм. Эгер биз өнүккүбүз келсе сөз эркиндиги өңдүү принциптерди бекем карманышыбыз керек",-деди Алиев.

28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов Болот Темировго маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актады. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ага байланыштуу да актоо чечими чыкты. Судья тергөөчүлөр койгон айыптарга далил көрө албаганын белгиледи. Ал эми "документ жасалмалоо" деген берене менен айыптуу деп таап, бирок жаза чарасы чегерилбей турганын билдирди. Темиров акыркы өкүм боюнча апелляциялык арыз жазыларын айтууда.

22-сентябрдагы соңку отурумда мамлекеттик айыптоо сотко Темировду беш жылга жалпы тартиптеги колонияга камоону сунуш кылган. Прокурор Мээрим Алиева Темировду өлкөдөн чыгаруу маселесин көтөргөн.

Журналистти жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.

Анын алдында Болот Темировдун Ютубдагы Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Ташиевдин аты аталган.

Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Темировго жана Назаровго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон.

Журналисттин ишине "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “Документтердин жасалмасын жасоо" деген эки берене кошулган.

Тергөөнүн материалдарында Темировдун аскердик билети Орусиянын жаранына таандык экени жазылган.

УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тосуу болуп жатканы тууралуу айыптарды четке каккан.

Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөрүн билдирген.

Төкмө акын Болот Назаров Ютуб каналына жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап келет. Анын ишин кароо уланып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG