Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:10

Кыргызстандык тикмечилер Москвада өткөн эл аралык көргөзмөгө катышты


Кыргызстандан барган ишканалардын өкүлдөрү.
Кыргызстандан барган ишканалардын өкүлдөрү.

Кыргызстандык тикмечилер Москвада өткөн Collection Premiere Moscow эл аралык көргөзмөсүнө катышты. Алар тартуулаган продукция ар түрдүүлүгү менен өзгөчөлөнгөнүн “Азаттык” радиосуна Эл аралык ITC соода борборунун Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Кездеме токуу жана тигүү өнөр жайы боюнча глобалдык программасынан (GTEX) билдиришти.

Быйыл 18-жыл уюштурулган көргөзмө, уюштуруучулардын айтымында, тигүү ишканаларын өнүктүрүүгө багытталган ишкерлик-маалыматтык аянтчага айлана алды.

Кыргызстандан барган Aziar Fashion, Barkhat, BelMaRo, Chopa, E-Line Moda, Larrus Moda, Alma Moda, Bermet ишканалары кийим-кеченин көптөгөн түрлөрүн тартуулап, жаңы байланыштарды, келишимдерди түзүп кайтты.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда кездеме жана тигүү тармагы өнөр жай өндүрүшүнүн 7,1 % түзөт. Тигүү фабрикаларынын жана цехтеринин көбү Ош, Бишкек, Каракол, Талас шаарларында жайгашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG