Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:42

ДКО: Кыргызстан көкбөрүдөн Казакстанды 5:0 эсебинде утту


IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан менен Казакстандын көкбөрү командаларынын беттеши. 2-октябрь, 2022-жыл.
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан менен Казакстандын көкбөрү командаларынын беттеши. 2-октябрь, 2022-жыл.

Түркиянын Изник шаарындагы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкбөрүдөн Кыргызстандын командасы жеңүүчү болду.

Жеринен "Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, бүгүн, 2-октябрдагы финалдык беттеште Кыргызстан менен Казакстандын командасы ойноп, 5:0 эсебинде кыргыз командасы утту.

Оюндун 1-таймында кыргыз көкбөрүчүлөрү үч улакты атаандашынын тайказанына салды. 2-таймда дагы эки улак кыргыз командасынын эсебине жазылды. 3-таймда казакстандык улакчылар оюнду улантуудан баш тартып, жеңиш Кыргызстанга ыйгарылды. 3-орунду Өзбекстан ээледи.

Көкбөрүдөн Кыргызстан 1-октябрда Түркия командасын 7:6 эсебинде утуп алган. Венгриянын, Ооганстандын жана Монголиянын командалары аргымактары жок, оюнга чыга алган эмес.

Бүгүн көкбөрүдөн сырткары тайказансыз, эки тайм ойнолгон көкпардан дагы финалда Кыргызстан менен Казакстандын командалары ойноп, ал беттеште 3:4 эсебинде казак командасы жеңишке жеткен. 3-орунду дагы улуттук спорттун бул түрүнөн Өзбекстандын өкүлдөрү алган. ​

29-сентябрда башталган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүгүн, 2-октябрда аяктайт. Бул күнү спортчулар көбөрү, көкпар (жер улак), казак күрөш, бел боо күрөшү, пехливани күрөш жана бүйүк күрөштөн күч сынашат.

Көчмөндөр оюндарына 102 өлкөдөн барган 3 миңдей спортчу катышууда. Изникке Кыргызстандан 148 спортчу барды. Алар спорттун 11 түрү боюнча ат салышууда. (ECh/ELB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG