Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:55

Ереван Бакуну согуш кылмыштары үчүн айыптады


Армения-Азербайжан кагылышуусу. 14-сентябрь, 2022-жыл
Армения-Азербайжан кагылышуусу. 14-сентябрь, 2022-жыл

Армениянын Тышкы иштер министрлиги Азербайжанды согуш туткундарын кыйнаган жана маркумдардын сөөктөрүнө акарат келтирген деп айыптады. Эл аралык мыйзамдар мындай аракеттерди согуш кылмышы деп баалайт. Ереван Европа сотуна жана БУУнун Эл аралык сотуна даттанарын билдирди.

Министрлик азербайжандыктар социалдык түйүндөргө жайгаштырган видеолорго таянууда.

“Ал видеолор Азербайжан куралдуу күчтөрүнүн согуш кылмыштарынан кабар берет”, - деп билдирди армян тышкы саясий мекемеси. Бул тууралуу “Азаттыктын” армян редакциясы жазды. Ереван эл аралык иликтөө жүргүзүүнү талап кылууда.

2-октябрда Армениянын акыйктчысы Кристина Григорян билдиргендей, адистер кошуна өлкө менен чек ара жаңжалы учурунда туткунга түшкөн 7-8 аскердин сотсуз өлтүрүлгөнүн көргөзгөн видеонун жасалма эмес экенин аныкташты. Маалыматка караганда, окуя 13-сентябрда болгон.

Ага чейин социалдык тармактарда армениялык 36 жаштагы аял-аскердин сөөгү тартылган видео тараган. Ошондо маркумду туткунга алып, зордуктап, көзүн чукуп салышканы, башка зомбулук көргөзүшкөнү сүрөттөлгөн. Армения армиясынын Башкы штабы ал окуя 16-сентябрда болгонун маалымдаган.

«Азаттыктын» азери кызматы Азербайжан Тышкы иштер министрлигигин жообун жазды. Анда кошуна өлкөнүн кайрылуусу «эки жүздүүлүк» деп сыпатталган. Баку Ереванды согуш кылмыштарына айыптап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылды. Мекеменин жообунан интернетте тараган видеолордун чын-төгүнү текшерилип жатат деп түшүнсө болот.

Azeri-Press агенттиги Аскердик прокуратурага шилтеме менен кабарлагандай, туткундарды сотсуз өлүмгө тартуу териштирилүүдө, мыйзам чегинде чара көрүлмөкчү. Прокуратура видеолордогу туткундарды «чагымчылар» деп атады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG