Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:11

УКМК милиция кызматкери чет элдик жарандан пара алууга шектелип кармалганын билдирди


Милиция кызматкерин кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт.
Милиция кызматкерин кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери пара алууга шектелип кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы 3-октябрда кабарлады. Маалыматта шектүү чет өлкөлүк жаранды кылмыш жообуна тартып, камакка алынасың деп коркутуп, 150 миң сом пара талап кылганы белгиленген.

Атайын кызмат кармалган адам Биринчи май райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери, милициянын капитаны К.Т.Б. экенин жазды.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча кармалып, УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилди.

ИИМ жана Бишкек шаардык милициясы бул маалыматка комментарий бере элек. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG