Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Кыргызстанда 77 адам COVID-19 жуктурганы аныкталган


COVID-19 вирусуна каршы эмдөө учуру. Бишкек. Май, 2021-жыл.
COVID-19 вирусуна каршы эмдөө учуру. Бишкек. Май, 2021-жыл.

Сентябрь айынын акыркы аптасында Кыргызстанда 77 адам коронавируска чалдыкканы лабораториялык жактан тастыкталды. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.

Учурда коронавируска каршы бустердик эмдөөнү күчөтүү үчүн 90 күндүк өнөктүк жүрүп жатат. Бустердик эмдөөнү мындан үч-төрт ай мурда коронавируска каршы вакцина алган жарандардын баары алса болот. Учурда өлкөдө Sinopharm жана Pfizer BioNTech вакциналары жетиштүү.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 1,3 миллиондон көп адам толук эмделди. Вакцинанын бир дозасы 1,6 миллиондон ашык адамга сайылды.
Кыргызстанда 2020-жылдын мартынан бери 21 412 адам COVID-19 вирусуна чалдыккан. Үч миңдей бейтап оорудан көз жумган.

2019-жылы Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон COVID-19 вирусу кыска аралыкта дүйнөгө тарап, 6,5 млн. ашуун адамдын өмүрүн алып кетти. Вирус пайда болгондон бери 618,5 млн. ашык адам илдетке кабылды.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG