Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:31

Украин армиясы өлкө түштүгүндө ондогон айыл-кыштакты бошотту


Лиман шаарынын четиндеги айыл. 4-октябрь, 2022-жыл.
Лиман шаарынын четиндеги айыл. 4-октябрь, 2022-жыл.

Украинанын куралдуу күчтөрү бир нече аймакта алдыга жылып жатат. Президент Владимир Зеленский шейшембинин кечиндеги кайрылуусунда армия өлкө түштүгүндө бир топ ийгиликке жетишкенин, ушул аптада "ондогон айыл-кыштак кайтарылганын" билдирди. Украин лидери бошотулган жерлердин сегизин атап, тизме мындан алда канча узун экенин кошумчалады.

Украин армиясынын командачылыгы маалымдагандай, Херсон облусунда калк жашаган бир нече аймак бошотулду, аскерлер Харьков жана Луганск облустарында да орус аскерлерин сүрүүдө. АКШнын Согушту изилдөө институтунун эксперттери дагы украин аскерлери алдыга жылып жатканын белгилешти.

Москва 4-октябрда көргөзгөн карталардан орус аскерлери Херсондун бир катар райондорунан, анын ичинде Днепр дарыясынын батыш жээгинен чегингенин баамдаса болот. Ал эми британ чалгынчылары Харьков облусунда украин жоокерлери ири аймакта позицияларын бекемдеп алганын билдиришти.

Херсон, Луганск, Донецк, Запорожье Орусия жасалма референдумдарга таянып аннексиялап алган аймактар. Бирок бир облустту дагы орус армиясы толук көзөмөлдөбөйт.

Орусия президенти кошуна өлкөнүн төрт облусун кошуп алуу жөнүндө мыйзамдарга кол койгону 5-октябрда жарыяланды. Эл аралык нормаларды одоно бузган Москванын кадамын Батыш катуу айыптап, дипломатиялык басым-кысымын улантууда. Мыйзамсыз аннексияны Түндүк Кореядан башка эч ким тааный элек.

Ал арада шаршембиде орус аскерлери украин аймагын аткылоону улантышты. Киев олбусунуда Иранда жасалган дрон менен урулган соккудан Била Церковь шаарчасында бир киши жараат алганын губернатор Алексей Кулеба билдирди.

Алдынкы күнү Харьковдо энергетикалык инфраструктура аткыланды. Мэр Игорь Тереховдун айтымында, каршы тарап эл электр жарыгысыз калсын деп, атайлап трансформаторлорду кыйратып жатат

XS
SM
MD
LG