Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Украина Путиндин аннексиясына жооп болорун эскертти


Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

Украинанын Орусия жарым-жартылай басып алган Херсон, Запорожье, Луганск жана Донецк облустарын Москвага баш ийдирүү жөнүндө келишимге Кремлде кол коюлду.

Аскердик эксперттер Путин мындай кадамга өз армиясы Украинада утулуп жаткан маалда, жүзүн сактап калуу үчүн барганын айтышууда. Киев жана эл аралык коомчулук Орусиянын Украинанын жаңы аймактарынын аннексиялап алганын тааныбай турганын билдирген. Мындан улам Москвага жаңы санкцияларды киргизүү каралууда.

30-сентябрда Кремлде Орусиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын жасалма референдум өткөн төрт облусунун Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшту.

"Алар өз тандоосун жасашты. Орусия аларды сатпайт. Биз өз жерибизди колубузда бар каражаттар менен коргойбуз. Бул өз элибизди куткарган улуу миссия", - деди Путин кол коюу аземинде сүйлөп жатып.

Орус күчтөрү жарым-жартылай басып алган Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье аймактарында 23-27-сентябрда жасалма референдумдар өткөн. Анын жыйынтыгында добуш берүүгө катышкандардын көбү Орусияга кошулууну тандашканы айтылган. Анткен менен жергиликтүү орусиячыл бийлик тургундарды коркутуп-үркүтүп, тапанча такап, үймө-үй кыдырып, күчтөп добуш бердиргенин көрсөткөн видео далилдер жарыяланган.

Кол коюу аземинин алдында орус президентинин расмий өкүлү Дмитрий Песков Москва мындан ары жаңы кошулган аймактарга жасалган чабуулду Орусияга каршы агрессия катары кабыл аларын билдирди.

Путин 30-сентябрдагы буйруктары менен Херсон жана Запорожье облустарынын көз карандысыздыгын бир тараптуу тааныган. Ал эми "ЛЭР" жана "ДЭР" деп аталган жикчил аймактардын эгемендигин Кремль февраль айында, согуш баштардын алдында тааныган.

Сөз болуп жаткан төрт облус жана Орусия 2014-жылы аннексиялап алган Крым жарым аралын кошкондо Украинанын жалпы аянтынын 20% түзөт.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Москванын бул кадамына чечкиндүү жооп болорун эскертип, коргоо жаатындагы жетекчилерин чукул жыйынга чогултту.

Ал ошондой эле Украина Түндүк атлантикалык аскердик уюмга (НАТО) шашылыш тартипте кирүүгө арыз бергенин жарыялады. Бул тууралуу ал 30-сентябрда өлкөнүн Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин отурумунун жыйынтыгында жарыялады.

“Де-факто биз НАТОго кирүүчү жолду басып өттүк. Де-факто биз Түндүк атлантикалык уюмдун стандарттарына шайкеш келерибизди далилдедик. Алар Украина үчүн реалдуу – согуш талаасында жана биздин өз ара кызматташуубуздун бардык аспектилеринде реалдуу. Биз бири-бирибизге ишенебиз, бири-бирибизге жардам берип жатабыз жана бири-бирибизди коргоп жатабыз. Ушунун өзү Түндүк атлантикалык уюм. Де-факто. Аны де-юре ишке ашыруу үчүн бүгүн Украина арыз берет. Баары биздин коомчулугубузду коргоо үчүн маанилүү процедурага ылайык жүрөт. Ыкчамдатылган тартипте. Биз Украинанын НАТОго шашылыш түрдө кирүү арызына кол коюу менен биз өзүбүздүн кадамыбызды жасадык”, – деди ал жыйындан кийин телеграм каналына чыгарган видео кайрылуусунда.

Эл аралык коомчулук айыптады

Кошмо Штаттар жана БУУ Орусиянын Украинанын аймактарын аннексиялап алышын кескин айыптап, жалган референдумдардын жыйынтыктары украин элинин чыныгы каалоосун көрсөтпөй турганын жана анын жыйынтыгы толугу менен Москвада ойлоп табылганын билдиришти.

"Кошмо Штаттар эч качан Орусиянын Украинанын көз карандысыз аймагын басып алуу аракетин тааныбайт. Бул референдум деп аталган нерсе жалган, жасалма добуш берүү болду жана анын жыйынтыгы толук Москвада ойлоп табылган", - деди АКШ президенти Жо Байден.

Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлиги Украинага кезектеги жардам көрсөтүү алкагында 1,1 миллиард долларлык аскер техникасы жана жабдуулар берилерин билдирди. Анын ичинде 18 HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системасы бар.

Жыл башынан бери Вашингтон Киевге жалпысынан 16,2 миллиард долларлык жардам көрсөттү.

"Британия Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарын бир гана Украинанын аймагы катары кабыл алат", - деди Британиянын өкмөт башчысы Лиз Трасс.

Евробиримдик Кремль бул кадамы үчүн эртеби-кечпи жогору баа төлөрүн эскертип, санкциялардын сегизинчи айлампасын киргизүүгө даярданууда. Ага ылайык, орус буюм-тайымдарынын импортуна санкция киргизилет. Мындан улам Москва кошумча 7 миллиарддай кирешесинен айрылышы мүмкүн. Тактап айтканда, шаркет Орусиядан болот жана болоттон жасалган продукцияларды, кагаз, желим, тамеки импорттоону токтотот.

Ал эми Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Путинди чыңалууну жайгарууга багытталган кадамдарга барууга чакырды. Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш аймактардын аннексияланышы эскалацияны курчутарын белгилеп, Москваны кескин айыптады.

"Путин өзү түзгөн тузакка өзү түшөт"

Бир катар эксперттердин эсебинде Путин бул кадамга орус армиясы Украинада утулуп жаткан маалда аргасыз, өз жүзүн сактап калуу максатында барды.

"Украиндер өз аймактарын, тагыраак айтканда Донецк, Луганск, Запорожье, Херсон облустарын бошотууну улантышканда, Путиндин деңгээли дагы төмөндөйт. Анткени ал Орусияга кошуп алган аймактарын да коргой албай калышы мүмкүн. Айтайын дегеним, ал өзү түзгөн тузакка өзү түшөт", - деди аскердик эксперт Александр Кушнарь.

Ушул эле күнү украин армиясы Донецк облусундагы Лиман шаарын курчоого алганы маалым болду. Бул тууралуу орусиялык Телеграм-каналдар жазды. Киев азырынча маалыматты ырастай элек. Кабарларга караганда, ал жактагы орусиялык аскерлер толук курчоодо калды. Алардын саны канча экени белгисиз.

30-сентябрдын таңында Украинанын Запорожье шаарынан чыга бериште гуманитардык кербен аткылоого кабылды. Бул үчүн эки тарап бири-бирин айыптоодо. Кеминде 23 киши каза болуп, 28 адам жараат алды. Украин тарап кабарлагандай, Запорожьеге орус аскерлери "С-300" комплексинен 16 ракета атышкан. Орусия тескерисинче Украинанын Куралдуу күчтөрүн айыптады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG