Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:21

Париж Ирандын мамлекеттик медиасындагы француз тыңчылары делген видеону айыптады


Иран аялдарын колдоо акциясы, Франция. 1-октябрь, 2022-жыл
Иран аялдарын колдоо акциясы, Франция. 1-октябрь, 2022-жыл

Париж Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттарында тараган видеону айыптады. Тасмада франциялык эки жаран "Ислам жумуриятындагы тополоңдорду уюштурган тыңчы болгонун моюнга алганы” көрсөтүлгөн.

IRNA маалымат агенттиги бейшембиде чыгаран видеодо Сесиль Колер жана Жак Пари Франциянын коопсуздук кызматына иштегенин айтышкан.

Үч жумадан бери уланып жаткан толкундоолор үчүн Тегеран бийлиги чет өлкөлөрдү айыптап келет. Адатта алар бүдөмүк жүйө менен кармалган Батыш жарандарын сүйлөшүүлөрдө көзүр катары пайдаланышат.

Француздар быйыл майда Тегеранга турист болуп барган жеринен кармалган. Иран бийлиги алардын тыңчы болгонун далилдеген фактыларды келтирген эмес.

Француз өкмөтү жаңы видео чыккандан кийин өз жарандары Иран мамлекетинин барымтасында калганын билдирди.

“Күнөөнү моюнга алууда деп театр уюштуруу акылга сыйбас, иренжиткен, уят, эл аралык нормаларды бузган жорук”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ирандагы нааразылык акциялары 16-сентябрда Махса Амининин камактагы өлүмүнөн кийин тутанган. Адеп-ахлак полициясы 22 жаштагы студент кызды хижабды туура эмес кийип жүргөн деп кармап кеткен. Бийлик анын жүрөгү кармап көз жумганын айтканы менен жакындары, күбөлөр жана активисттер маркум уруп сабалган деп эсептешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG