Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Президент Жапаров Путин менен телефондон сүйлөштү


Садыр Жапаров менен Владимир Путин, Самарканддагы ШКУнун саммити маалында.
Садыр Жапаров менен Владимир Путин, Самарканддагы ШКУнун саммити маалында.

Бүгүн, 7-октябрда мамлекет башчы Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшүп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын өзөктүү маселелерин талкуулады. Жапаров Путинди 70 жылдык мааракеси менен куттуктаганын президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаров иш жадыбалына байланыштуу Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы КМШга мүчө өлкөлөрдүн бейформал саммитине катышпайт. Орусиянын президенти Владимир Путиндин 70 жылдык мааракесине байланыштуу Жапаровдун куттуктоосун жеткирүү үчүн мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бармай болгон.

Бейрасмий жыйында Орусия менен Тажикстандын президенттеринин 70 жылдык мааракеси белгиленип, аймактагы туруктуулук, коопсуздук маселелери талкууланары пландалганын орус маалымат каражаттары жазып чыккан. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG