Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Ак илбирсти коргоого арналган кезектеги марафон өттү


Марафондун катышуучулары. Иллюстрациялык сүрөт.
Марафондун катышуучулары. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 9-октябрда Бишкекте ак илбирсти коргоого арналган кезектеги марафон өттү. Toyboss Snow Leopard Run 2022 жарышына бардык каалоочулар - бир нече миңдей адам катышканын иш-чаранын уюштуруучусу Nomad Sport уюму билдирди.

Бишкектин борбордук бөлүгүндө өткөн марафондун коопсуздугун шаардык милиция камсыз кылып турду.

Марафондун катышуучуларынан түшкөн мүчөлүк төлөмдөрдүн бир бөлүгү ак илбирсти жана анын экосистемасын коргоо иш-чараларына жумшалары айтылды.

2019-жылы өткөн алгачкы марафондон түшкөн акчага жаныбарлардын жашоосуна байкоо жүргүзүп туруу үчүн 32 фото жабдык сатылып алынган.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда болжол менен аска-тоолорду мекендеген 330дай ак илбирс бар. Жаратылышка зулумдук кылып, ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айып пул каралган. (RK)

XS
SM
MD
LG