Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:04

Росфинмониторинг Meta компаниясын экстремисттик уюмдардын реестрине киргизди


Meta корпорациясынын жана ал ээлик кылган каражаттардын логотиби.
Meta корпорациясынын жана ал ээлик кылган каражаттардын логотиби.

Орусиянын Росфинмониторинг мекемеси Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүнө ээлик кылган Meta компаниясын экстремисттик жана террористтик уюмдардын реестрине киргизди. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды.

Көз карандысыз юрист Павел Чиков бул боюнча прокуратуранын эскертүүсүн жарыялап, анда Meta экстремисттик деп табылгандыктан социалдык тармактардагы посттор да “экстремисттик аракетке катышуу” катары каралышы мүмкүндүгүн белгиледи.

Москванын Тверь райондук сотунун быйыл мартта америкалык Meta компаниясына каршы укук коргоо органдарынын доосун карап, аны “экстремисттик” деп тапкан. Соттун чечимине ылайык, корпорация ээлик кылган Facebook менен Instagram тармактары Орусияда бөгөттөлгөн. Жеке кат алышуучу каражат деп саналгандыктан WhatsApp мессенжери жабылган эмес.

Буга Meta корпорациясына каршы соттук доолорго жана ага караштуу социалдык түйүндөрдү бөгөттөөгө анын контентиндеги эрежелер себеп болгон. Социалдык түйүндөрдө орусиялык аскерлерге зомбулук көрсөтүү жана каргап-шилөө жөнүндө чакырыктарга уруксат берилген. Кийин компания русофобияга жана Орусиянын жарандарына жасалган дискриминацияга жол бербей турганын билдирип, жаңы эрежелер убактылуу киргизилгенин жана Украинанын аймагында гана мүмкүн экенин маалымдаган.

Росфинмониторинг мекемеси реестрине киргизилген адамдардын жана мекемелердин банк эсептери жана карталары бөгөттөлөт. Тизмеде учурда 534 уюм бар. Анын ичинде оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын Коррупция менен күрөшүү фонду жана жаңыдан киргизилген “Весна” жаштар кыймылы бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG