Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:30

Бишкек-Ош жолунда унааларга жайкы дөңгөлөк менен жүргүнчү ташууга тыюу салынды


Төө-Ашуу.

15-октябрдан тартып дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырбаган кичи автобустарга, минивэндерге Бишкек - Ош унаа жолунда жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка ылайык, мындай тыюу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол-транспорт кырсыктарын болтурбоо максатында салынган. Бул чечим 2023-жылдын 1-майына чейин күчүндө болот.

Башкармалык жайкы дөңгөлөк менен жүргөн унаалардын айдоочуларын Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары аркылуу алыскы сапарга чыкпоого чакырды.

Октябрдын башында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Бишкек - Ош унаа жолундагы Төө-Ашууга кар түшкөнүнө байланыштуу, айдоочуларды этият болууга үндөгөн.

Кыргызгидромет кызматы ушул күндөрү тоолуу райондорунда, тоо этектеринде жаан жаап, ийик тоолуу райондордо кар түшөрүн эскерткен. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG