Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Орусия Украинанын энергетика тармагына сокку урууну улантууда


Киевдин четинен тартылган сүрөт.
Киевдин четинен тартылган сүрөт.

Орусиянын ракеталык соккулары, дрондон урулган чабуулдардан улам 19-октябрда Украинанын көптөгөн айылдары, шаарлары жарыксыз калганын бийлик өкүлдөрү кабарлады.

Бир жумадан ашык убакыттан бери абадан жасалган чабуулдардан Украинанын электр станцияларынын дээрлик үчтөн бир бөлүгү талкаланып, 1000ден ашуун калктуу конушта электр жарыгы өчтү.

Орус күчтөрү 19-октябрдын таңында дагы "жанкечти" дрон менен Украинанын түштүгүндөгү Николаев облусун бутага алды.

Президент Владимир Зеленский 18-октябрдагы кайрылуусунда украиналыктарды электр энергиясын үнөмдөө үчүн “аң-сезимдүү” аракет кылууга үндөдү.

Соккулар 8-октябрда Крым көпүрөсүндөгү жарылуудан кийин күчөгөн. Орусиянын президенти Владимир Путин жардырууну террордук акт деп атап, буга Украинаны айыптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG