Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:42

Пакистанда балдарды шал оорусуна каршы эмдеген топтун мүчөсүн атып кетишти


Балдардын шал оорусуна каршы эмдөө, Пакистан. Архив сүрөт.
Балдардын шал оорусуна каршы эмдөө, Пакистан. Архив сүрөт.

Пакистандын Балучистан аймагында балдарды шал оорусуна каршы эмдеген дарыгерлерди коштоп жүргөн полиция кызматкерин белгисиз бирөөлөр атып кетишти. Топтун башка мүчөлөрү жабыркаган жок. Кол салгандар качып кутулууга үлгүргөн. Кылмыш үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

Пакистанда беш жылдан бери өткөрүлүп келаткан эмдөө өнөктүгү дүйшөмбү күнү башталган. Апрелден тарта өлкөдө балдар арасындагы шал оорусунун 20 жаңы учуру катталып, илдетти түп-тамыры менен жоюу аракетине көлөкө түшүрүүдө.

Дүйнөдө бул кооптуу вирус Пакистан жана кошуна Ооганстанда гана кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG