Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Темиров прокуратура өзүн актаган сот чечимине каршы даттанууну көздөп жатканын айтты


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Башкы прокуратура Бишкектин Свердлов райондук сотунун иликтөөчү журналист Болот Темировду актаган чечимине каршы сотко арызданды. Бул тууралуу Темиров өзү "Азаттыкка" кабарлады. Анын айтымында, соттук жараяндын убактысы азырынча айтыла элек. Журналист аппелляциялык арыз тууралуу көзөмөл органдан оозеки түрүндө уккан.

"Мага прокуратурадан соттун чечимине каршы арыздана турганын оозеки түрдө айтышты. Бийлик мени камоону кыялданып жатат", - деди Темиров.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан маалымат алууга мүмкүн боло элек.

28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов Болот Темировго маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актаган. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ага байланыштуу да актоо чечими чыккан. Судья Темировго тергөөчүлөр койгон айыптарга далил көрө албаганын белгиледи. Ал эми документ жасалмалоо деген берене менен айыптуу деп таап, бирок жаза чарасы чегерилбей турганын билдирген.

Журналистти жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.

Анын алдында Болот Темировдун “Ютубдагы” Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты аталган.

Ошол эле күнү Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Темировго жана Назаровго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон.

Журналисттин ишине "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “Документтердин жасалмасын жасоо" деген эки берене да кошулган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG