Харьковдун Боровск районундагы Копанки айылына жакын аймактан адамдардын сөөгү жапырт көмүлгөн жер табылды.
Жергиликтүү элдин сөзүнө караганда, аны орусиялык аскерлер чегинип бараткан кезде көөмп кетишкен. Бул тууралуу украин Улуттук полициясы маалымдады.
Көрүстөндө кеминде 17 адамдын сөөгү болушу мүмкүн. Копанкинин тургундардын айтуусунда орус аскерлери 13-апрелде эки жүк ташуучу автоунаа менен сөөктөрдү алып келген. Экскаватор менен казылган аңга сөөктөрдү ыргытып, үстүн танк менен тебелеп тегиздешкен.
Украин армиясы сентябрда Харьковдун Изюм шаарын жана дагы 300гө чамалуу айылын бошоткон. Орус аскерлери аймактын түндүк тарабынан чегинип кеткен. Кийинчерээк Изюмдан 436 адамдын сөөгү жапырт көмүлгөн жер табылган. Украин бийлиги алардын көпчүлүгү зомбулук менен өлтүрүлгөнүн, 30дай адам кыйноого алынганын маалымдаган.