Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Токаев Январь окуяларында камалгандарга мунапыс берди


Казакстанда Январь окуяларына байланыштуу камалагандардын соту Актөбө шаарында өтүп жатат.
Казакстанда Январь окуяларына байланыштуу камалагандардын соту Актөбө шаарында өтүп жатат.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Январь окуяларында камалгандарга жапырт мунапыс берүү буйругуна кол койду. Бул тууралуу Акордо 2-ноябрда билдирди.

Ага ылайык, мунапыска 4-7 январь күндөрдөгү "тартип бузууларга тиешеси бар" деген кине менен камалган бир жарым миңдей киши илинет. Андан тышкары оор жана өзгөчө оор кылмыштар менен кесилгендердин жаза мөөнөттөрүнүн жарымы же төрттөн үч бөлүгү кыскартылары маалым болду. "Террорчулук, экстремизм", "коррупция", "мамлекетке чыккынчылык", "кыйноо жана жапырт башаламандык уюштууруу" беренелери менен камалгандар мунапыска илинбейт.

Январь окуялары боюнча жалпы 1112 киши соттолуп, алардын 128 эркинен ажыратылган. Казак бийлигинин маалыматына караганда, амнистияга күч органдарынын кызматкерлери да илинет.

Укук коргоочулар мунапысты "бийлик укук коргоо жана күч кызматкерлеринин кызматкерлерин жоопкерчиликтен бошотуу үчүн колдонот" деген камтамачылыгын жарыялашкан. Тополоң учурунда алар жайкын тургундарга каршы ок атып, кармалгандарды кыйноого алышкан.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери былтыр 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон. Тополоңдо каза болгондордун саны расмий маалыматтарга ылайык 228 жеткен.

Казакстандагы Январь окуялары боюнча 10 миңдей адам кармалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG