Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

Зеленский Орусиянын “дан шантажы” ишке ашпай калганын билдирди


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда Кара деңиз аркылуу дан ташуу калыбына келгенин кубаттап, Орусияны кайра ийге келтиргени үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы менен Түркиянын президентине ыраазычылык билдирди. Ал Москва атайын шантаж кылганын, бирок ал ишке ашпай калганын айтты.

“Глобалдык азык-түлүк коркунучуна биздин чөлкөмдө бир гана коркунуч бар экенин жана ал Орусия Федерациясы экенин дагы бир жолу баары көрүштү. Башка эч ким коркунуч жаратпайт. Муну биз дароо биржалардын көрсөткүчтөрүнөн байкай алдык, азыр буудай менен жүгөрү кыйла арзандаганын көрдүк. Орусиянын шантажы башталган сайын азык-түлүк кымбаттап жатат. Дүйнө шантажга алдырбаган ар бир учурда агропродукция кайрадан арзандайт. Эгер Орусия Украинага кол салбаганда анда азык-түлүк кризиси таптакыр болмок эмес. Анткени биздин портторубузга, кампаларыбызга, агро өндүрүштү камсыздаган электр станцияларыбызга орусиялык ракеталар тийген сайын, көп өлкөлөрдө миллиондогон адамдар ачка калып жатат”, – деди Владимир Зеленский.

Орусия быйыл февралда Украинага кол салгандан кийин украин бийлиги өлкөдө өндүрүлгөн азык-түлүктү деңиз аркылуу мурдагыдай экспорттой албай калып, кризис жаралган. Июль айында БУУнун жана Түркиянын ортомчулугу менен Орусия “дан келишимине” макул болуп, жолдорун ачып берген. Андан бери Украинадан жүгөрү, буудай, күн карама, арпа, буурчак жана рапс данынан бир нече миллион тонна кемелерге жүктөлүп, экспорттолгон.

Москва Крым жарым аралындагы аскердик кемелер талкалангандан кийин 29-октябрда бул келишимден чыгып кеткенин жарыялаган. Түркия менен Украина үч-төрт күн украин данын ташыган кемелерди Орусиянын кепилдиги жок чыгарып, 2-ноябрда убактылуу токтоткон.

Шаршемби күнү түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүп, Москва "дан келишимин" улантууга кайрадан макул болгонун жарыялады. Келишим жанданганын Орусиянын Коргоо министрлиги да ырастап, дан жүктөгөн кемелер "курал-жарак ташыбашы керек" деген талабын кайталады.

3-ноябрда Кара деңиздеги украин портторунан айыл чарба продукцияларын жүктөгөн жети кеме жолго чыкты. Кемелерге 290 миң тонна дан, тамак-аш азыктары жүктөлгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG