Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:52

Түркияга жакын аймакта Болгариянын чек арачысына ок тийип, набыт болду


Болгария менен Түркиянын чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Болгария менен Түркиянын чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Болгариянын чек арачысын Түркия менен чектеш тилкеде кайгуул-күзөт милдетин аткарып жүргөн маалда белгисиз адамдар атып кетти. Бул тууралуу Болгариянын Ички иштер министрлиги 8-ноябрда кабарлады.

Окуя 7-ноябрдын таңында болгон. Голям-Дервент кыштагынын жанындагы чек ара тилкесин кайтарып жаткан маалда чек ара полициясынын кызматкерлери чабуулга кабылган.

Европа Биримдигинин мүчөсү – Болгария бул уюмга кирбеген Түркия менен чек арасындагы 259 чакырымды тикен зым менен тоскон. Европага өтүүнү каалаган адамдардын агылышынан улам тосмонун көп жери бузулган.

Болгарияда быйыл августта да мигранттарды кармоо учурунда полициянын эки кызматкери каза болгон. Кара деңиздин боюндагы Бургас шаарында полиция чек арадан кирген адамдарды жашыруун ташып бараткан автобусту токтотууга аракет кылган учурда, алар тартип сакчыларын сүзүп кеткен. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG